Чүйдө муз жарылып сууга түшүп кеткен бала куткарылды

Кечээ, 31-январда Чүй облусунун Аламүдүн районунда балдар ойноп жаткан суу үстүнө тоңгон муз сынып кетип, ага өспүрүм бала түшүп кеткен окуя катталган. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Саат 14:25 чамасында ӨКМга Ленин айылындагы Коммунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөнүн музунда бала ойноп жатып сууга түшүп кетти деген маалымат түшкөн. Куткаруучулар барганда бала суу ичинде, музду карманып жээктен 15-20 метр аралыкта турган. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып чыгышкан. Кырсыктаган бала 2004-жылкы С.М. аттуу өспүрүм болгон, учурда анын абалы туруктуу", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан