Ала-Тоо конушундагы мектепти курууда бюджетке ири көлөмдө зыян болгондугу аныкталды

Бишкек шаардык прокуратурасы менен УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Ала-Тоо конушуна салынган мектептин курулушу боюнча текшерүү жүргүзүп чыкканын Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкектин Капиталдык курулуш башкармалыгы менен өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым кызмат адамдары курулуш нормаларын одоно бузушканы аныкталган.

Алар курулуш иштеринин жана ага керектелген курулуш материалдарынын баасын 12 миллион 160 миң 641 сомго негизсиз көтөрүп салууга жол беришкен. Жыйынтыгында бюджетке ири көлөмдө каржылык зыян болгон. Учурда текшерүү жүргүзүү үчүн факт боюнча материалдар УКМКнын тийиштүү бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ала-Тоо конушундагы №82-мектеп 197 миллион сомго салынып, ачылышы 2015-жылдын март айында болгон. Ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2019-02-01 15:08:31
Ал баарына белгилуу кандай курулуш курулбасын баарына кобойтулгон баа койулат себеби минфин ар бир курулушка акча которгондо 10 пайызын алып калат.Андан кийин прокуратура,финпол келет акча каякта деп алар деле жакшы билет каяка кеткенин алар алат,технадзор дегени алат ар бир коолом буткондон кийин ошентип ар бир курулуштун 30 пайыз акчасы чиновниктер арасында желип кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан