28 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган милиция кызматкери үй камагына чыгарылды

Ысык-Ата районунда 28 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган милиция кызматкери үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди райондук сот 31-январда кабыл алганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук милициянын маалыматына караганда, тергөө кызматы шектүүнүн баш коргоо чарасы боюнча райондук прокуратурага кайрылып, анын кармалганын жана камакка алынганынын мыйзамдуулугун карап берүүнү өтүнгөн. Прокуратура өз өтүнүчү менен райондук сотко кайрылып, жыйынтыгында соттун чечими менен шектүү үй камагына чыгарылды.

Милиция учурда тергөө кызматына жабырлануучу тараптан тосмо арыз келип түшө электигин жана сотко чейинки оперативдүү тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын 28 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну 28-январь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Жазган арызында чала тааныш эркектер тарабынан 27-январь күнү саат 4:00 чамаларында Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналына жакын жерде күч колдонулуп зордукталганын жазган. Оперативдүү иштердин жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири катары Свердлов РИИБинин 36 жаштагы И.К. аттуу кызматкери кармалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Erik2018
2019-02-01 16:05:09
Бир карын майды бир кумалак май чиритет болуп, бир милиция көпчүлүк милициялардын ишине доо кетирип жатат. Ошондуктан мыйзам алдында тийишттүү жазасын алышын талап кылам.
+3
CEO1
2019-02-01 23:41:40
Erik2018, милициялардын 80-90%ти паракор, коррупционер, оздору ууру болсо, сее кайсы копчулук милицияны таза деп жатасын?!!

Балык башынан сасыйт дейт. Сокен кандай ХХХ, калганы да ХХХ да анын жолун жолдогондор...
+2
Bektur2011
2019-02-01 16:08:11
кылмыш кылдыбы жооп бериш керек мыйзам баары учун бирдей
+4
Muslim_KGstana.
2019-02-01 16:15:07
Болду ошо боюнча жок,башка жакка которулуп иштеп кетет дальше,2-3 жылдан кийин которулуп погон менен жургонун коросун го
+6
Taalaibek.
2019-02-01 16:58:37
Милиция тартипти озунан баштаса! Атууга жонотуш керек!
+4
amirrus
2019-02-01 19:01:41
олгон экенсинер сизодо эле кармаш керек болчу соттордун оозуна тыккан го,болбосо сизодо эле корсотуп коймок зордуктоо кандай экенин
+5
didu
2019-02-01 19:41:37
эмне учун Тоок ууруну чыгарышпайт дагы, кыз зордуктаган уй камагына чыгат, же зордогон анча оор эмес кылмышка киреби
+4
semo
2019-02-01 20:35:45
Карапайым адам болгондо чыгармак турсун он жылга кесип таштайт еле
+2
CEO1
2019-02-01 23:43:58
Кыз зордуктаган адам биринчиден милиция болсо, сот аны уй камагына чыгарса, эртен тосмо арыз тушсо "экинчи зордуктабай жур ээ?" деп биротоло бошотуп, кылмыш ишин кыскартып жаап койсо сотторун, мындай сот системасынын кимге кереги бар ыя?!!
+3
Umakg
2019-02-02 07:46:32
Ыразы болуп жаткандан кийин соз талашып кетип арыз жазып койсо керек 4-то каналдын жанында не бар подстава
+3
patiydin
2019-02-02 11:31:54
Кызга акча бербей же масчылыкта соз талашканго?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан