Эгер көп функционалдуу жана заманбап смартфонду азыр сатып алууга шарт жок болсо, кантип алуу керек? Beeline дүкөндөрүндө акция дагы эле уланып жатат, анын артынан кыялыңдагы девайсты 3 же 6 айга мөөнөтүн узартып төлөп сатып алууга болот.
Каалаган смартфонду мөөнөтүн узартып жана сатып алууну жоболоштуруу үчүн эки гана документ керек: өздүгүн тастыктоочу күбөлүк (паспорт/ id-карта) жана акыркы 6 айдын ичиндеги айлык акысы туурасында маалым кат. Жеке ишкерлер үчүн бул паспорт (id-карта) жана узартылган, акыркы 3 айдан бери иштеп жаткан, тастыктоочу дүмүрчөктөрү менен патент. Биометрикалык паспорттун ээлерине жашаган жеринен кошумча маалым кат керек.
Телефондорду Beeline дүкөндөрүндө мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып алуунун негизги артыкчылыктары - бул тездик жана ыңгайлуулук. Жоболоштуруу процедурасы бир саатка жакын убакытта өтөт, ал эми кардарга банкка баруунун кереги жок. Мындан тышкары ал насыяны сөзсүз түрдө банкка барып төлөөнүн же ай сайын төлөө үчүн терминалдарды издөөнүн зарылдыгы жок - бул телефондогу эсептен төлөөнү аткарууга мүмкүнчүлүк берген Balance.kg ыңгайлуу тиркемесин колдонууга болот.
"Акция өткөн жылы башталган. Биз кардарларга 6 айга мөөнөтүн узартып төлөөнү сунуш кылдык, бир нече убакыттан кийин биз кайчы байланышты алдык. Биздин сатып алуучулардын көпчүлүгү тезирээк төлөп бүткөрүүнү каалашты, ошондуктан биз 3 айга мөөнөтүн узартып төлөөнү киргиздик. Мөөнөтүн узартып төлөөнү каалаган кардарлар берилген шарттарга ыраазы болушту, ошондуктан биз аны 2019-жылдын аягына чейин узартууну чечтик" - деп айтты Beeline сатууларды өнүктүрүү боюнча менеджер Нурадил Сатыбеков.
Акциянын шарттары баштапкы төлөмдү төгүүнү, пайыздарды кошуп эсептөөнү жана кошумча төлөөнү караган эмес - кардар ал тарабынан аталган смартфондун бааланган суммасын гана төлөйт.
Смартфонду тандап алуу өтө деле оңой эмес, ошондуктан Beeline адистери өз артыкчылыктарын түшүңдүрүп берүүнү жана сатып алууга бюджетин аныктоону кеңеш кылышат. Андан кийин техникалык мүнөздөмөлөргө көңүл буруу керек: процессордун өндүрүмдүүлүгү, оперативдик эс тутумдун көлөмү, аккумулятордун сыйымдуулугу.
Акция 2019-жылдын декабрына чейин узартылат жана Samsung, Huawei жана Xiaomi смартфондоруна жайылтылат, себеби бул бренддин түзмөктөрү Кыргызстанда зор популярдуулукка ээ. Алардын сапатынын ишенимдүүлүгү жана баасынын жеткиликтүүлүгү буга себеп.
Толук маалыматты +996 (772) 016006 жана 6006 номурларынан алсаңыздар болот (Beeline'дин абоненттери үчүн чалуулар бекер) же бул шилтеме аркылуу биле аласыздар.