Ошто эки кичинекей кызын ижарага алган батирине кароосуз калтырып кеткен келин табылды

Ош шаарындагы ижарага алып жашап жаткан батирине эки кичинекей кызын кароосуз калтырган келин табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан бүгүн, 1-февралда кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 31 жаштагы кыздардын энеси 12 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес.

"Өзүн кыздардын энеси катары тааныштырган 31 жаштагы келин бүгүн Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келген. Өз жоругун ал жашоо-шартынан улам Кара-Сууга ашпозчу болуп иштеп кетүүгө аргасыз болгондугу менен түшүндүргөн. Учурда аны менен тиешелүү мекемелердин кызматкерлери иш алып барууда", - деп билдиришти милициядан.

Айта кетсек, эки кичинекей кызы менен Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Atas
2019-02-01 18:10:10
Тообо кыздарын ала кетпейби ар кимге ишене бербей ...
+2
semo
2019-02-01 18:42:06
Ар кимдин оз ырыскысы бар
0
Mamiev
2019-02-01 18:46:42
Бала бул буюм эмес го үйгө калтырып кеткидей. 12 кантип жүрөгүн чыдады ойлонбодунбу балдарыма эмне болду деп
+2
Luna15
2019-02-01 19:15:13
Караган кишиси жок оздорун таштап кантип кетти,психикасы ордунда эмесго келинге балдарды ьерьеш керек
+2
shahlet
2019-02-02 12:16:40
кече эле турмушка чыгып алыптыр деп журот элего Суперинфо
0
Aikaaaa
2019-02-02 12:49:25
Бул кандай болуп калды, кечөөкү жаңылыктарда турмушка чыгып кеткен деп жүрөт эле энесин, бүгүн кайра ашпозчу болуп иштеп кеткен деп жүрөт. Түшүнүксүз
0
Yago.limon
2019-02-02 13:29:34
Эн жакшысы убактынча балдар уйундо калып турганы он.Мин кыйын кундо да оз баласын ушунча кун таштап коюу,нормальный адамдын иши эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан