Жалал-Абад облусунда бир күндө 2 жолу кар көчкү түштү

Кечээ, 31-январь күнү Жалал-Абад облусунда 2 ирет кар көчкү түшкөн. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта белгилүү болгондой, 31-январь күнү саат 16:20 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-100-чакырым аралыгында болжол менен 1500 куб метр көлөмүндөгү кар көчкү түшкөн. Мындан улам унаа жолу жабылган. Жерине ӨКМнын Чаткал райондук бөлүмүнөн 1 жүктөгүч, 2 бульдозер жана 9 кызматкер барган.

Саат 17:30да Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 86-100-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып, жол ачылган.

Ушул эле күнү саат 17:35 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында болжол менен көлөмү 1500 куб метр кар көчкү түшкөн. Унаа жол бир тараптуу жабылган.

Жерине ӨКМдан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Алардын жардамында саат 18:30да Красная-Горька-Ак-Таш унаа жолунун 4-9-чакырым аралыгында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланып ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан