ИИМ: "Жыл башынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү катышкан 46 кылмыш иши катталды"
Жыл башынан бери Мамлекеттик каттоо
кызматынын өкүлдөрү катышкан 46 кылмыш иши катталганын ИИМдин басма
сөз кызматы билдирди. Биринчи жарым жылдыкта кызматынан кыянаттык менен пайдаланган
14 факты, документтерди мыйзамсыз жол менен жасаган 9, аткезчиликке байланышкан 6, алдамчылык боюнча 13, ошондой эле пара алуу боюнча бир нече фактылар
катталган. Учурда чет мамлекеттерден алынып келинген унааларды
мыйзамсыз түрдө каттоодон өткөргөн 39 кылмыш иши боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө. ИИМ
билдиргендей, калкты каттоого алууда жана паспорт берүүдө дагы бир нече мыйзам
бузуулар орун алган.