Бишкектин Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан эмерек дүкөнүнөн өрт чыкты

Бишкектин Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан эмерек дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, өрт бүгүн, 2-февралда чыккан.

үкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөндө аны өчүрүүгө саат 09:04тө Биринчи Май районундагы 4-аймактык өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 09:14дө кошумча дагы 1 бөлүм барган. Эмерек дүкөнүнөн чыккан өрт саат 11:14тө толук өчүрүлдү.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери, чыгымдары жана жабыркагандар бар же жок экени аныкталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BoDiNur
2019-02-02 14:34:05
Айтматов кочосунун мурунку аты эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан