Баткен облусунун Кадамжай районундагы Разъезд айылында бир жаран көлмөгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсык 22-июлда болжол менен саат 16:40та болгон. ӨКМнын кызматкерлери Ноокат районунун 1995-жылы туулган тургуну Дүйшеев Бакыттын сөөгүн 17:15те табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.