Орусиянын Калужская облусунда автобус жол кырсыгына кабылып 7 адам каза болду, анын төртөө жаш балдар. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-февралда болгон. Анда Смоленск-Калуга багыты менен бараткан автобустун айдоочусу рулду башкара албай, автобус жолдон чыгып оодарылып кеткен.
"Автобустун ичинде 48 адам бара жаткан, анын ичинен 38и жаш балдар. Аймактык ооруканага 28 адам жеткирилген, анын ичинен 22си жаш балдар. Бир бала оор жаракат алган, анын абалы туруктуу оор. Автобус көп жылдан бери каттап жүргөн, документтер боюнча абалы жакшы, бирок анын техникалык абалын карап чыгуу керек", - деп айтылат маалыматта.