Австралиянын түндүк-чыгыш тарабында катуу жааган жаандан улам миңдеген адамдар куткарылды. Чет элдик маалымат булактарында жазылгандай, нөшөрлөгөн жаандан улам бул аймакта суунун деңгээли демейдегиден 2 метрге көтөрүлгөн. Мындан улам суу үйлөрдү каптап кеткен. Эгер жаан-чачын токтобосо 20 миң үйдү дагы суу каптап калышы мүмкүн.
Австралиянын Метеорологиялык бюросунун директору Брюса Аннанын айтымында, суу ташкынын токтотуу үчүн аскер кызматкерлери кум ташып барып төгүп жатат.