Москвада көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 2 адам каза болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.
Белгилүү болгондой, Москванын Никитский бульварында жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт 4-февралга караган түнү саат 3төр чамасында чыккан. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүүгө болгон аракетин жумшоодо. Өрт чектөөгө алынган.
"200 чарчы метрден башталган өрт учурда 2 миң чарчы метр аянтты жалмады. Көп кабаттуу үйдөн 41 адам эвакуацияланды. Өрттүн келип чыгуу себеби белгисиз бойдон калууда. Жалпы санынан бул көп кабаттуу үйдө 100дөн ашуун батир жайгашкан. Имарат 1912-жылы курулган", - деп жазылат маалыматтарда.