Самарканддык аял улуу кызын зордуктап жүргөн күйөөсүн өлтүрдү. Ошол күнү күйөөсү кичүү кызын зордуктоого аракет кылган

Өзбекстандын Самарканд облусунун жашоочусу өзүнүн күйөөсүн өлтүргөнгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, сурак берип жатып аял күйөөсүн өлтүрүүгө 18 жаштагы кызын дайыма зордуктай бергендиги, ошол күнү андан кичүүсүн зордуктоого аракет кылгандыгы себеп болгонун айткан. Самарканд ОИИБи 48 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси 27-январда табылганын, окуя 26-январда болгондугун белгилеген. Учурда анын аялы камакка алынып, кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүрүүдө. Жубайлардын ортосунда жаңжал өтө көп болуп келгени жазылган маалыматта.

"Мен аны "акылы кем" деп атап койчумун. Ал дайыма ичип алып, аялы менен кызын кыйначу. Ал киши өлгөндөн кийин ар кандай ушактар тарап кетти. Маркум улуу кызын дайыма зордуктап жүргөнүн да айтып жатышат. Ал эми ошол күнү мас болуп келип алып кичүү кызын зордуктоого аракет кылган. Муну көрүп калган аялы аны өлтүрүп койгон", - деген ал үй-бүлөгө коңшу жашаган адам.

Шектүүнүн айтымында, күйөөсүнүн бул жоругуна катуу ачууланып ушул кадамга барган. Жубайлардын кичүү кызы 16 жашта. Айрым маалыматтар боюнча, аял күйөөсүн айнек идиш менен уруп өлтүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
keba300989
2019-02-04 08:54:48
Билген болсо эртерек өлтүрүш керек эле
+19
AksyKum
2019-02-04 09:18:08
Жакшы кылыптыр, аялдын ордун да Ким болбосун ошол ишти кылмак. Кылмыш эмес сооп иш кылыптыр. Эмне ошо тергоочулордо кыз жок бекен намыс жок бекен
+33
Rifle_I
2019-02-04 09:18:48
Бул кылмышы үчүн өлтүрүп койгону эле жакшы болуптур.
Аялды актап чыгарса керек, же условный срок менен.
+24
Skarlett-Skarlett
2019-02-04 09:30:51
Ырас кылыптыр!
+18
Oreanda
2019-02-04 09:51:34
Ошол ашыкча жерин кескилеп, кыйнап анан олтурбоптур ХХХ. Эмне деген заманда жашап жатабыз?
+11
warcaw
2019-02-04 10:11:14
Кээ бирөөлөргө сабак болсун, бизде да болуп атат интернетке чыгып атат, чыкпаганы канча Кудай билет.
Аял туура кылган адам өлтүрсө да ошол өлүмгө татыктуу эле зөөкүр.
+15
Janyjol.86
2019-02-04 10:28:02
Олтурбош керек болчу.олтургондун ордуна колу бутунун кан тамырларын кесип салыш керек эле ошондо тиги ХХХ омур бойу колу буту иштебей кыйналып журуп олмок картайганда.
0
Kgda
2019-02-04 13:28:59
Janyjol.86,колу бутун кескилеп атса карап турмак беле ал кайра озунукун кесип салмак, артынан башка чаап эле кулатпасан кулаталбай калдынго эркекти. Макул кескиледи дейли омур бою озунун эле башына балээ болот эле тируу инвалитти багып карап сийдигин жууп.
+4
Janyjol.86
2019-02-04 10:28:50
Ар жерде кор болуп.
0
ahsu
2019-02-04 12:02:58
ТООБО КЫЛДЫМ, ЫРАС ЭЛЕ КЫЛЫПТЫР
+2
Margana93-
2019-02-04 12:46:43
Жакшы кылыптыр
+2
Lukman-Hakim
2019-02-04 13:42:00
Чындап далилдеп чыгышса, жакшы кылыптыр.
Ноокаттык келинге окшоп жөн эле подстава кылса аялды өлтүрүш керек болот!
0
Nuri1988Elim2010
2019-02-04 17:55:35
Чындыгында ошондой бекен!
Себеби бизде кыздары жаман жургон,аларга оз апасы шерик, а атасы ошол кыздарына тыюуу салган адам болгон.Бирок иччу. Кыздары менен аялы кошулуп олтуруп койгон.Коншулары ызылдап эле калышканда.Корсотмолорундо кийин ачык эле айтышкан.
Корбогондон кийин бир нерсе деш кыйын.Аллахым ар бир пендесине ынсап берсин.
+1
Eliza1991
2019-02-04 23:28:33
Nuri1988Elim2010,a siler taanyisynarby al ui buloonu? Samarkandda jawaisynarby
0
BEKU.NUKU
2019-02-05 00:53:30
Ой мамааа:-O
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан