Таласта таксист кардарын зордуктаган. Ал үй камагына чыгарылды

Таласта аялды зордуктаган деп шектелген таксист үй камагына чыгарылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Динара Сарногоева тастыктады.

Анын айтымында, окуя 31-январга караган түнү болгон.

"Аймактык ички иштер бөлүмүнө 38 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал арызында Бишкектен Таласка жетүү үчүн таксиге отурганын жана Таласка жеткенде башка жүргүнчүлөр түшүп калып, унаада айдоочу менен жалгыз калган учурда таксист күч колдонуп зордуктаганын белгилеген. Окуяга шектүү катары 29 жаштагы Бакай-Ата районунун тургуну кармалган. Бирок соттун чечими менен шектүү ушул жылдын март айына чейин үй камагына чыгарылды.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Иликтөө иштери уланып жатат", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Take_men
2019-02-04 13:29:07
Менттер акчасын алып чыгарды да 100%. Аркы аял менен келишип тосмо арыз эптеп жаздырып кел деп
+8
Bars111
2019-02-04 23:56:28
Take_men,Бул жерде акчаны МЕНТТЕР эмес апакай болгон СОТТОРУБУЗ алган. Соттор чыгарат үй камагына
+1
Nsh
2019-02-04 13:34:56
Ал аялга деле ишенич жок мумкун жалган жалаа менен тигил таксисттен акча ондуруш учун ушундай ишке барганда такыр иликтеш керек ардыетаксистерге унаасына милдеттуу турдо видеокамера орнотуш керек
+4
Nuri1988Elim2010
2019-02-04 13:44:56
Эч кимге ишенич калбады.
+1
Kgda
2019-02-04 13:50:07
Охоо коркпой эле зордой берсе болот турбайбы баары бир чыгарып жиберет экен. Аялдар таксистерден эми этият болгула эми.
-7
warcaw
2019-02-04 16:59:19
Kgda,эже карындашыңы ойлодуңбу кичине болсо дагы, же сага боло береби!
+4
Sary-Bala
2019-02-04 14:21:23
Таксистин аты ким жазбайсынарбы суперсилер
0
juka82
2019-02-04 14:31:59
неге чыгарат тескери иштейсинер башка мамлекеттер алга жылып атса негеле артка кадам таштайсынар бошотуп,женилдик берип
+3
Lukman-Hakim
2019-02-04 14:44:38
Кыргызстандын соттору эшектин туушосун дагы чече алышпайт!
+4
Erik2018
2019-02-04 16:01:21
Lukman-Hakim,Соттор саясатчылардын тагдырын чечип эле азыр бакта кусуп жатышатго. Аны сага окшогондор көрбөйтда.
-1
Bektur2011
2019-02-04 16:04:52
окуяннын чоо жайын билбей туруп тон бычпагылачы
0
ady-88
2019-02-04 19:29:10
Бул жакта зордуктоо кылмышы болуп жатат статья 129 бул Отто оор кылмыштардын ичине кирет. Кантип уй камагына чыгардынар соттор. Коррупция Айдан ачык эле корунуп турат
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан