Бүгүн, 23-июлда Жогорку Сотто “ата журтчу” 3 депутат боюнча соттук отурум башталды. Ага айыпталып жаткан депутаттардын жактоочулары, жабырлануучулар, мамлекеттик айыптоочулар жана журналисттер катышууда. Анда айыпталуучулардын бири Талант Мамытов сот залына келген болсо, калган 2 депутат Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев соттук отурумга келген жок. Ошондой элде айыпталуучу Талант Мамытовдун жактоочусу башка процессте болгондугуна байланыштуу сот процессине келбегендиктен, Талант Мамытов соттук отурумду башка күнгө жылдырууну суранды.