Маалым болгондой, өрт Сарыарка районундагы Шынгыстау көчөсүндөгү времянкадан чыккан. Өрт өчүрүү учурунда 5 баланын жансыз денеси табылган. Каза болгон маркумдардын баары кыздар, алар 2006, 2008, 2013, 2015 жана 2018-жылы туулгандыгы маалым болду. Кырсык болгон учурда балдардын ата-энеси жумушта болгон.
Ал эми өрт тууралуу маалымат 2:34тө түшүп, өрт толугу менен 3:24тө өчүрүлгөн. Болжолдуу түрдө үйдүн 30 чарчы метр аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.