Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси 50 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, шектүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалап чыгарып берүү үчүн акча талап кылган.
"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси акча талап кылып жатканын билдирген. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) 1-бөлүгү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ушул жылдын 1-февралында оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында Шамалды-Сай шаарында 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси К.Т. кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.