Араван районунда күйөөсү аялын бычактап өлтүрдү деп шектелүүдө

Ош облусунун Араван районунда күйөөсү аялын бычактап өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери кабарлады.

Маалыматка ылайык, 1-февраль күнү Араван районунун аймактык ооруканасынан Араван РИИБине Уйгур-Абад айылынын 33 жаштагы тургуну (аял киши) бийиктиктен кулап каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу маркумга текшерүү жүргүзүп, анын киши колдуу каза болгонун аныкташкан.

"Окуя 1-февраль күнү саат 18:30 чамасында болгон. Анда күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыгып, күйөөсү бычак менен аялын курсакка сайып жиберген. Мындан улам 33 жаштагы аял каза болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан