Депутат Талант Мамытов судьялардан сот ишин мыйзам чегинде алып барууну суранды
“Биздин ишке байланыштуу сот процессин тез бүтүрүп салуу буйругу болгон",- деди “ата журтчу” депутат Талант Мамытов бүгүн,
23-июлда Жогорку Сотто уланып жаткан соттук отурумда. “Менин жактоочум өткөн
соттук отурумда 23-июлдагы сот отурумун башка күнгө жылдырууну сураганына карабай
ушул күнгө белгиленди”,- дейт Мамытов. Айтымында, соттук отурум калыс өтпөй
жатат. Ал сотту мыйзам чегинде алып барууну өтүнүп, айыпталуучуларга да мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.