Москвада көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн каза болгондордун саны жетиге жетти

Москвада көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт 7 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Белгилүү болгондой, Москванын Никитский бульварында жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт 4-февралга караган түнү чыккан. Өрт болжол менен 5-кабаттагы батирлердин биринен башталган. 200 чарчы метрден башталган өрт 2 миң чарчы метр аянтты толугу менен жалмап кетти.

"Өрт толугу менен таңкы саат 5ке жакын өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө 80 өрт өчүрүүчү, 25 унаа тартылган. Көп кабаттуу үйдөн 42 адам эвакуацияланган, анын ичинен сегизи кичинекей балдар. Өрттүн кесепетинен 7 адам каза болгон, анын бири бала. Учурда эки жабырлануучу оор абалда ооруканада жатат. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду, учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан бул көп кабаттуу үйдө 100дөн ашуун батир жайгашкан. Имарат 1912-жылы Мамлекеттик банктын Москвадагы кызматкерлери үчүн курулган. Аталган үйдө 1 чарчы метр 12 миң рублдан 440 миң рублга чейин сатылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2019-02-05 11:46:20
Кудай сактасын, жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан