Токмоктогу атышууга байланыштуу Октябрь РИИБинде иштеген 6 кызматкерге чара көрүлдү

Токмоктогу атышууга байланыштуу Октябрь РИИБинде иштеген 6 кызматкерге чара көрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, 6 милиция кызматкери тең жетекчилик кызматта иштешет.
Ал эми ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиев кызматтык териштирүү жүрүп жатканын белгиледи.

“Кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Азыр башка кызматтарга да суроолор көп”, - деп айтты министр Жунушалиев.

25-январь күнү Токмоктогу көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жерде Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Милициянын маалыматына караганда, чыр товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү учурунда акча маселесинен улам чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алып, ооруканага жатышкан.

Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин дагы тиешеси бар экени айтылып, ал суракка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан