Бишкекте балбан Каба уулу Кожомкулдун музейи ачылды

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаарында балбан Каба уулу Кожомкулдун музейинин ачылышы орун алды. Иш-чарага балбандын туугандары, спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана коомдук ишкерлер катышты.

Аталган музей Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун 1-кабатында орун алды. Музейде Кожомкулдун архивдик сүрөттөрү, кийими жана башка буюмдары коюлган. Андан тышкары музейден балбандын алаканынын жана бутунун изи түшүрүлгөн тактаны көрүүгө болот.

Музей Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына карата ачылып, күн сайын 9:00дөн 18:00гө чейин ачык болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан