Мамлекеттик каттоо кызматында жалпы жарандык паспорт мыйзамсыз берилген факты катталганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29 жаштагы каза болгон жарандын паспорту менен башка жаран чек арадан өтүп жүргөн.
"Чалдовар көзөмөл өткөрүү жайынан 26 жаштагы А.И. аттуу жаран 2018-жылдын 31-декабрында кармалган. Анда ал 29 жаштагы К.у.Т. аттуу каза болгон жарандын паспорту менен чек арадан өтүп жүргөн. Бул боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун прокуратурасы текшерүү жүргүзгөн. Ал эми 2019-жылдын январь айынан баштап, Каттоо кызматынын өкүлдөрүн жана чек арадан өтүп жүргөн И.А. аттуу жаран Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге 330-берене менен катталган. Учурда УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгына жиберилип, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.