Ысык-Көлдө өспүрүмдү сүзүп качып кеткен 22 жаштагы айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жеңил унаа 14 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-февралда болжол менен саат 11:25те катталган.

"Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бөкөнбаев айылындагы Базаров көчөсүнөн 2005-жылы туулган Б.А. аттуу мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Кырсыктын кесепетинен өспүрүм ооруканага жаткырылган. Тоң РИИБинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы айдоочу А.у.А. кармалган. Ал ошол айылдагы Үч-Корумду кашарынан кармалып, күнөөсүн моюнуна алган. Учурда тергөө иштери башталды", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан