Ошто мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүк кармалды

Мыйзамсыз ташылып келген тамеки Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, товар "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Достук районунда кармалган.

ДЭУ Калос үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшергенде багажынан Германияда өндүрүлгөн акциздик маркасы жок 4000 пачка Compliment маркасындагы тамеки табылган. Кармалган унаанын айдоочусу А.С. ЕАЭБдин бажы аймагына тамеки продукциясын мыйзамдуу ташып келе жаткандыгын тастыктаган тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.Товардын орточо базар баасы 240 миң сомду түзгөн. Бул факт “Түштүк-Батыш” бажысынын кылмыштарды каттоо журналына катталып, чогултулган материал Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп билдирди маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2019-02-05 17:10:55
Азамат жакшы, бирок фуралап өтүп жаткан жүктөрдү кармаса жакшы болмок
+4
kechirmeni
2019-02-05 17:11:51
ай иий ото чон кылмыштын бетин ачкан турбайсынарбы, просто куругун бербей коюптур да, ошого кармапсынар
+1
mirlan_86
2019-02-05 17:15:13
Пилдин устундогу кумурсканы кармап алыптырда
+3
Nuryk00
2019-02-05 18:33:33
100% сатылган, доля бербей койгонго. Баткенден чыккан 90% товар мыйзамсыз контрабанда кучтору жетсе ошону кармашшын
0
CHOTON_86
2019-02-05 20:33:56
Бул ХХХХХ элге жашоо береби деги?
Эл учун эчнерсе кылалбайсынар, анан эле
элдин нанын тартып аласынар. Границадан кармаса бир жон эле.Кантрабанда деп наркотик, даарыларды, спирт ичимдикдерди, элге ден соолугуна чоон зыян келтиргендерди кармагыла. Азыр 2 мешок сахар алып баратсанда кармаша берет, документи барбы кайда алпарсанар эмнеге алпарсанар, чеги барбы кайдан сатып алдынар деп...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан