Москвада короо шыпырып иштеген Кыргыз жаранын сабоого шектелип Орусиянын жараны кармалды

Москвада короо шыпырып иштеген Кыргыз жаранын сабоого шектелип Орусия жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 28-январь күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө шаардагы Пирогов атындагы ооруканага 1998-жылы туулган А.Х. аттуу Кыргыз жараны жаткырылганы боюнча маалымат түшкөн. Ошол учурда анын бети жана башында оор жаракаттар болгон. Бирок ал ооруканага жатканда Москва шаарынын Арбат районундагы “Жилищник” мекемесинде расмий түрдө кароолчу болуп иштеп, өндүрүштүк кырсыктан жаракат алганын билдирген. Буга байланыштуу факты укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынган эмес.

"Окуяны териштирүүдөн соң жабырлануучунун арызын аймактар боюнча каттоо үчүн №1 шаардык клиникалык ооруканадан тактама алынган. Ал эми А.З. аттуу жарандын арызы Орусия ИИМинин Арбат району боюнча бөлүмүндө каттоого алынып, тиешелүү чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Арбат районундагы “Жилищник” мекемесинин башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп чыкты. Тактап айтканда, ал Орусиянын 1980-жылы туулган Г.Н. аттуу жараны. Ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Курал катары пайдаланылган предметтерди колдонуу менен саламаттыкка атайылап залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда шектүү катары кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп кабарлашты ИИМден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2019-02-06 09:55:40
Предметтерди дегенинер жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан