“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев Орусияда дарыланып
жатканы тууралуу кабарды маалымат жыйынында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы
күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Айтымында, Орусиянын
кайсы жеринде экендиги тууралуу так маалымат жок. “Эгерде аны мамлекетке
кайтаруу тууралуу токтом чыкса, Батукаевди кайра алып келебиз”,- деди ал.
Ошондой эле Рафик Мамбеталиев көпчүлүк криминалдык чөйрөнүн кишилери Бириккен
Араб Эмираттарында экендигин белгиледи.“Тилекке каршы, бул мамлекет менен
биздин өлкөнүн ортосунда кылмышкерлерди бизге өткөрүү тууралуу макулдашуу жок”,-
деди ал.