УКМК: "Манас" аэропортунда бомба табылган жок, жардыргыч зат тууралуу маалымат чет өлкөдөн түшкөн"

"Манас" аэропортунда бомба табылган жок. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматкеринин айтымында, атайын кызмат бомба бар деп билдирген жарандарды издөө иштерин улантып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча билдирүү чет өлкөдөн түшкөн.

Буга чейин "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, эл сыртка чыгарылган болчу. Ошондой эле аэропортко баруучу жол да тосулуп, унаалар өткөрүлбөй жатканы кабарланган. Учурда аэропорт өз ишин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aikaaaa
2019-02-05 21:28:24
Демек, чет өлкөдөн түшсө, анда Москвада да көптөгөн жерлерде бомба бар деп элдерди эвакуациялап жатат дегендерден кетип аткан жокпу
+1
Chungyz
2019-02-06 00:40:08
Хакерлер окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан