Бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин УКМК "Ош" аэропортунда текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле террордук акт тууралуу маалымат бергендерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.
Жардыргыч зат тууралуу маалымат саат 18:46да келип түшкөн. Аэропорттогу жарандар менен кызматкерлер эвакуацияланды.
Буга чейин "Манас" аэропортунда бомба бар деген маалымат тарап, бирок табылган эмес.