Кыргыздын Азаматы, казакстандык Тауекел Мусилим жана түркиялык "Бурак Өзчивит" бир тасмада. Көрүүчүлөр көптөн күткөн "Апамды издеп-2" тасмасынын бет ачары болду

Бишкекте 5-февралда көпчүлүк күтүп жаткан "Апамды издеп-2" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Алгачкы күнү эле аталган тасманы көрүүгө келгендердин саны көп болду. Ал эми келген коноктор социалдык тармактардагы жеке баракчаларына айрымдары эстелик үчүн тасманын башкы каармандары Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго, Адел Кадиева жана Эмил Эсеналиев менен сүрөткө түшүп жаткандардын аягы суюлган жок. Мындай кечелер кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүсүз өтпөйт эмеспи, тасманы көрүүгө алгачкылардан болуп ырчы Дайыр Исмадияров, Толгонай Арзыкеева, Нурмат Садыров, "Заман" тобу, Каныкей, Гүлзат Мамытбек жана башкалар келишти.

Ал эми "Апамды издеп-2" тасмасынын продюсери Нурбек Айбашов тасма тууралуу өз оюн айта кетти:

"Тасманын 2-бөлүгүн тартууга жалпы 250 миң доллар каражат сарпталды. Биринчи бөлүгүнө салыштырмалуу 150 миң доллар үнөмдөдүк. Тартуу иштери Түркияда өттү. Себеби биздин динибиз, маданиятыбыз бир эмеспи".

Өлкөбүздөгү кино тармагын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, көрүүчүлөргө жагымдуу, маңыздуу тасмаларды тартуулап келе жаткан режисёр Руслан Акун өзү тарткан тасма тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

"Негизи аябай сарсанаа болуп жатам. Себеби тасма тартуу жоопкерчилиги чындыгында абдан чоң. Эл күткөндөй болдубу, алардын үмүтүн актай алдыкпы деген ой жаралууда. Тасмада каармандын Түркияга баруусунун себебин күлкүлүү багытта тарттык. Башкача айтканда, башкы каарман кумирин жанынан көрүүнү кыялданат. Биз аны күйөрманы менен байланыштырдык. "Бурак Өзчивит" тасмага ушинтип тартылып калды".

"Апамды издеп-2" тасмасында башкы каармандардын биринин ролун аткарган актёр Азамат Уланов тасма юморго бай экенин белгиледи.

"Тасманы көрүп чыккан соң жүзүңөр ооруп калышы мүмкүн. Себеби тасманын 90 пайызы юмор болсо, 10 пайызы драма. Тасманын 2-бөлүгүндө деле акылдуу баланын ролун аткардым. Алгачкы бөлүгүндө кайгылуу адамдын образын жаратсам, экинчисинде, тескерисинче, бактылуу адамдын ролундамын. Көрүүчүлөр "Апамды издеп" тасмасынын 2-бөлүгүн тартууну сунуш кылышкандыктан, мындан 1 жыл мурун сценарий жазылып баштаган. Ал эми алган гонорарым үй-бүлөбүздү бакканга жетет".

Ал эми тасма талаасындагы жаңы жүз Адел Кадиева тартуу иштери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

"Буга чейин толук метраждуу тасмага тартыла элек болчумун. Аталган тасмага тартылуу мага чоң тажрыйба болду. Башкы каармандардын тизмесин укканда алгач корктум, бирок тартуу иштерине келгенде алардын абдан жөнөкөй экенин билдим".

"Апамды издеп" тасмасынын эки бөлүгүндө тең роль жараткан, казак актёру Тауекел Мусилим тасманын сценарийин окуганда эле күлүп алганын айтты.

"Тасмага сунуш түшкөндө чындыгында абдан кубандым. Сценарийди окуп жатып күлүп алдым. 2-бөлүгүндө катарыбызга 2 актёр кошулду. Тартуу учурунда кызыктуу окуяларга бай болду. Менимче, эки бөлүгү тең мыкты болду. Себеби өз ишин билген адамдар менен иштеген жерде баары жакшы болот деп ойлойм".

"Апамды издеп-2" тасмасынын сценарийи 1-бөлүгүнөн айырмаланып позитивдүү маанайда жазылган. Мында башкы каарман Данияр апасынан ажыраган баланы асырап алган. Ал баланы апалуу кылуу үчүн үйлөнүүнү туура көрөт. Бирок анын мындай чечимине кыздын агасы каршы чыгып, оорулуу адамдын ролун ойноп жүрөт. Аны дарылатуунун себеби менен Данияр болочок кайнагасы Мураттын кумири болгон түрк актёру Бурак Өзчивитке жолугуу үчүн сапар тартышат. Дал ошол сапарда Мураттын чын эле оор дартка кабылгандыгы жана анын 2 ай гана өмүрү калгандыгы маалым болот.

Ал эми "Апамды издеп-2" тасмасынын соңуна чыккан соң айрым көрүүчүлөр Майкл Мапонгону көргөнү келгенин айтышса, кичинекей балдар Азамат Уланов үчүн келгенин айтып, тасманын мыкты деңгээлде тартылганын баса белгилеп жатышты.

Күлө берип боор эзилет... Көпчүлүк күткөн “Апамды издеп-2” тасмасы жарык көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-06 01:33:57
Бурак чын эле барбы?
0
SIMA_kg
2019-02-06 01:39:11
Ал бурак эмес!!! Алдабагылачы ушинтип СМИ, акча толосо го мейли рекламага, бирок туура жазгыла, бул Бурак Хан деген тиги бурак озчивитге окшош двойниги. Оригинал буракты тарта алышпайтгооо.
+6
monok2001
2019-02-06 11:00:25
SIMA_kg,ошону айтсан бул да болсо бир пиар
+2
Maks_shop
2019-02-06 02:48:43
Бурак озу эле мен кордум
-1
Nevestkaa
2019-02-06 11:52:50
Бурак чын эле тартылдыбы,жок дегенде 1сүрөтүн киргизип койсоңор не болосуңар?Бурак Черная любовтун 1сериясына эле 250 000$тартылыптыр го ,а силердин жалпы бюджетиңер ошончо болуп атат.
-1
Eliza1991
2019-02-06 14:22:57
кыз татынакай экен. Турктордун сералдарына катышса сонун актриса болгудай.
0
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 00:06:12
Бурак Озживит деп озгочо белгиленип турат.Демек ал эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан