Кечээ, 5-февралда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын коллегиялык жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.
2018-жылы аталган кызмат тарабынан ачыкталган укук бузуу фактылары боюнча өлкө бюджетине жалпысынан 4 миллиард 351 миллион сом кайтарылган. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 435 миллион сомдон ашуун каражат которулган.
Вице-премьер-министр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аткарган иштер жетиштүү эмес жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
"Коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Эмне себептен аталган кызмат тарабынан анын деңгээлин кыскартуу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлбөй жаткандыгы түшүнүксүз бойдон калууда", - деди Разаков.
Жеңиш Разаков өлкө жетекчилигинин коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчтөндүрүү боюнча талаптарынын шартында финансылык полиция органдарынын ишине жалпысынан оң баа берүүгө мүмкүн эмес болуп жатканын белгиледи.