Жалал-Абадда балдарга кол көтөргөн бала бакчанын тарбиячысы үч жылга шарттуу кесилди

Жалал-Абаддагы бала бакчалардын биринде кичинекей баланы башка уруп мал менен салыштырып, дагы бир кызды урган тарбиячы 3 жылга шарттуу кесилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облустук сотунун 4-февралда чыгарган өкүмүнүн негизинде тарбиячы И.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси "бейбаштык" боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 3 жылга шарттуу кесилди. Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 10 миң сомдук моралдык зыян өндүрүлгөн. Бүгүнкү күндө өкүмгө карата апелляциялык тартипте даттануу келген эмес.

Эске салсак, 21-ноябрда интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абаддагы бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, ал иштен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maks_shop
2019-02-06 18:48:06
Коммент жазгандар вшул аялдын оордунда силердин апанар болуп калса не кылмаксынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан