Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз оодарылып калды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 5-февраль күнү саат 15:30 чамасында катталган.
"Баткен облусунун 42 жаштагы тургуну өзүнүн ДАВ үлгүсүндөгү унаасы менен Ош шаарына 34 миң 610 литр солярка ташып бара жаткан. Ал Бишкек-Ош жолунун 424-чакырымынан рулга ээ боло албай бензовоз оодарылып кеткен. Айдоочу эч жеринен жаракат алган эмес, бирок майы төгүлүп, материалдык чыгымдарга учураган", - деп билдирет аталган бөлүмдөн.