Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн улам 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калып, мечитке жайгаштырылды

Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн улам 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калып калды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

Маалым болгондой, 5-февраль күнү саат 23:40 чамасында катуу шамалдын кесепетинен Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 115-чакырымында кар күрткүсү пайда болгон. Анын кесепетинен 16 унаа 70 жүргүнчүсү менен жолдо калып кетишкен.

Жерине ӨКМнын райондогу бөлүмүнөн 1 жүктөгүч, 1 грейдер тартылып, саат 00:26да кар күрткү толугу менен тазаланып, унаа жолу ачылган. Ал эми 70 жүргүнчү (55 эркек адам жана 15 аял киши) аталган унаа жолдун Жар-Башы тилкесинде жайгашкан 2 мечиттин ичине убактылуу жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан