Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылында жеңил унааны кар көчкү басып калып, бактыга жараша, ичинде бараткан адамдар аман калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 5-февраль күнү саат 18:40 чамасында Чоң-Алай районундагы Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолуна (Дароот-Коргон айылы) болжол менен 600 метр куб кар көчкү түшкөн. Арадан бир саат убакыт өткөндөн кийин ошол эле айылда 700 метр куб кар көчкү түшүп Деу Матиз унаасын басып калган. Унаанын ичинде 2 адам болгон.
"Жерине Чоң-Алай райондук өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган. Саат 20:15те кар көчкү тазаланып, унаа ичиндеги эки адам куткарылып, үйлөрүнө кетишкен", - деп айтылат министрликтин маалыматында.