Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенген табып, Хашим Зайналиевдин үстүнөн сотко арыз келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
"Зайналиевге тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан лицензия берилген эмес. Буга байланыштуу анын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүгө саламаттыкты сактоо органдарынын укугу болгон эмес.
Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча мыйзамдын 5 жана 15-беренелерине ылайык, өлкөнүн аймагындагы медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик орган тарабынан атайын лицензиясы болушу шарт.
Зайналиевге карата 2018-жылдын 25-декабрында козголгон кылмыш ишин эске алуу менен, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук сотуна табыптын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу жана лицензияланбаган дары-дармектерди колдонууга тыюу салуу боюнча арыз берилди.
Азыркы учурда арыз сот тарабынан каралууда", - деп айтылат маалыматта.
Хашим Зайналиев буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жок Бишкектеги Көк-Жар конушуна жеке дарылоочу жай ачып, бир нече жылдан бери адамдарды өз алдынча дарылап келгендиктен ага кылмыш иши ачылып, бирок кайра токтотулган.