Орусияда кыргызстандыктарды тоноп жүргөн жалал-абаддык 7 жаран кармалды

Кыргызстандын жана Орусиянын укук коргоо кызматкерлеринин биргелешип жүргүзгөн ишинин натыйжасында Алманбет Анапияевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда маалымат жыйынында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. Айтымында, ал топко кирген 7 жаран Жалал-Абад облусунун тургундары. “Алар 7 жыл бою эл аралык издөөдө жүрүшкөн. Москвада алар кыргызстандыктарды уурдашып, токойго алып барышып, аларды тоноп жүрүшкөн. Учурда аларды экстрадициялоо тууралуу маселе каралууда”,- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
jo-jo
2013-07-23 13:11:05
туура кылат, бирок мындай тоноочулар аябай коп.
0
Aijan1968
2013-07-23 13:50:38
Мен да Жалал-Абадданмын.
Бирок чет жерде жердештерге зулумдук жасашкан жердештерим(аларды тааныбайм албетте,тааныгым да келбейт)мыйзам чегинде жаза алууларын каалайм!!!
+2
zak81
2013-07-23 14:13:53
не кереги бар ушундай жол менен акча тапкндын андан коро кочо шыпырып мандай тери менен акча табышпайбы
0
blak.star.kg
2013-07-23 16:17:29
Эх, кыргызым! Жок дегенде башка жерде биринди бирин тонобой эле койбойсунарбы. Уят болдук го ?
+1
pompowa
2013-07-23 17:59:21
бироонун акчасы жукмак беле. оздору иштесе бир жери кемип калмак беле
0
Lion-x
2013-07-23 18:46:47
Оз элин шорго салган адамдарга кыргызстанда оорун жок, мигранттарыбыз эптеп оокат кылып журсо колдогондун оордуна тоношот акмакдар десе.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан