Март айында Сауд Арабияда өтө турган фестивалга Кыргыз өлкөсү дагы катышары маалым болду. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовго байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтып берди:
"Сауд Арабияда өтө турган фестиваль 9-марттан 19-мартка чейин созулат. Бизче айтканда, жөө жарыш боюнча фестиваль болгону жатат. Аталган өлкө 90го жакын мамлекетке чакыруу жөнөтүптүр. Биз дагы 3 ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөн тажрыйбасы чоң мамлекеттерге киргендиктен өлкөбүздү ар тараптан жогорку деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жалпы биздин өлкөдөн эле миңге жакын катышуучу барат. Учурда маданият, спорт тармагын таанытуу максатында кызуу даярдык көрүлүүдө", - дейт ал.