SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Адилет Эркинбек уулунун аткаруусуна таандык "Дык-кын-дыш" аттуу ырына тартылган клип кошулду.
Интернет колдонуучулары арасында популярдуулугу арткан "Дык-кын-дыш" ыры тууралуу Самат Эркинбеков өз оюн кошумчалай кетти:
"Катардагы эле ыр, клип болуп калбасын деп өзгөчөлүк жаратууга аракет кылдык. Эл оозуна бат алынсын, жаттоого жеңил болсун жана хит болсун деген ойдо ырдадык. Ал эми клипти "Жер тоголок" тасмасын жарнамалоо максатында тартканбыз. Тартуу иштерине эле 10 күндөй убакыт кетти", - дейт ал.
23-ЯНВАРДАН 30-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
10-орун - Данияр Эрматовдун "Бир туугандарым" чыгармасы эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.
9-орун - Анжеликанын "Назданып" видеоклибине буюрду.
8-орун - Нияз Абдыразаковдун "Досума" клиби өткөн аптага салыштырмалуу 1 баскычка төмөндөдү.
7-орун - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" видеокомпозициясына буюрду.
6-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" видеоклиби камсыздап, өз ордунда калды.
5-орунду - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" чыгармасы ээледи.
4-орунду - Гүлнур Сатылганованын аткаруусуна таандык "Ашыкпа" клиби ээледи.
3-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңы кошулган Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" клиби 1 баскычка төмөндөдү.
2-орун - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Гүлнур Асанованын "Шашпа" аттуу чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, алдыңкы орундукту камсыздады.
Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.