Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы айылдардын биринде өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болгону белгилүү болгон. Өрттүн себеби каза болгон бала контейнердеги күйүүчү майга ширеңке чагып жибергенинен улам болгонун өздүк булактарыбыз билдирди.
"Кырсык Базар-Коргон районуна караштуу Могол айыл өкмөтүндөгү айылдардын биринде 16:30 чамасында катталган. Аталган айылда көчөнүн жээгиндеги контейнерде күйүүчү май болгон. Тургун баласына анын ичиндеги канистрадагы майды алып машинага куюп коюуну айткан. Баласы контейнердеги 20 литр майды алып жатканда каза болгон бала тамаша иретинде ширеңкени жагып жиберген. Мындан улам өрт чыгып, 3 адам жабыркаган", - деп билдирди SUPER.KG порталына өздүк булактар.