Аксы районунда чек арачылар атышып, бир өзбек чек арачысы каза тапты

Бүгүн, 23-июлда саат 10:25те Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы "Жетизагара" чек ара бекетинде кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип келишкен. Кыргыз чек арачылары алардын аймактан чыгып кетишин талап кылышкан. Буга каршы болуп чек арачылар менен кайым айтышууга өткөн өзбек тарап биринчилерден болуп ок чыгарып, ортодо атышуу башталган. Маалыматка таянсак, бир өзбекстандык чек арачы каза болуп, дагы бирөөсү жаракат алды. Кыргыз тараптан жаракат алгандар жок. Окуянын кандай болгонун тактоо максатында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактык чек ара башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
antivir
2013-07-23 13:53:03
азаматтар ар бир КЫРГЫЗ ЖИГИТ ПАТРИОТ! ушундай жооп беришибизди кутуп жаткам.
жалпысынан алганда бул дагы бир саясат оюндай уюштурулган. КЫРГЫЗ ЭЛИМИ, ЖЕРИМИ жамандан кудай сактасын. бирок, биз коркпойбуз эч кимден. биз жигиттер коргогонго даярбыз!
+2
Kapitan
2013-07-23 13:59:08
Ехее маладес биздин патриот жоокерлерге
0
meerkan52
2013-07-23 14:07:16
жоокерлер аман болсун дейли. Бирок мындай ишке суйунууго болбойт.
-2
meerkan52
2013-07-23 14:05:15
От тутанып кетпесе эле болгону. Бул оюнчук эмес.
-2
Aybek777
2013-07-23 14:06:06
Ашка аш Окко ок деген ошулда
+1
zak81
2013-07-23 14:09:41
Озубек чек араачылары кооп кетишкен эле жакшы кылат биздикилер
+1
dikeii
2013-07-23 14:12:28
кудай бар да. откондо эле биздин жараанды атты эле. мына эми ответ болду.
+1
Doritos
2013-07-23 14:12:55
Молодцы!
0
jora.kg
2013-07-23 14:31:21
Счет 1-1 болуптурда, жакындале биздин бир жаранды атпадыбеле ... жоокерлер азаматсынар!
0
admin_superstan
2013-07-23 14:37:46
fanat.kg, эскертүү!
Башкалардын улутун кемсинтүү болбойт.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
-1
ХАНЗАДА
2013-07-23 14:38:08
Ызы-чуу болбосун, тынч жашайлычы. Ырас болуптур деп табалагандан не чыгат? Бир-бир деген тушунукту да жок кылыш керек, чек арадагы чыр чоноюп кетсе катуу кагылышка, касташууга алып келет. Чектеш болгон сон ошондо балээнин баары башталат, газ, суу, жол маселелери чыгып.
-1
Clara_Zh
2013-07-23 15:08:26
Футболдон гол киргизгендей суйунупсунор го. Тынччылык эле болсунчу.
0
mayoral
2013-07-23 16:01:22
Мындан кийинки берген маалыматта, Кыргыз жигиттерин мас абалында ок чыгарган дегенин окудум эле. Эми бул окуя саат эрте мененки 10;25 те болуп жатса кандайча мас болушат? Мен ушуга тан калып жатам!!!! Озбек туугандар калп жалаа жапканын койбойт экенда. Эмнеси болсо да Кыргыз жигиттери аман калыптыр ошонусуна шугур!
0
blak.star.kg
2013-07-23 16:12:47
Тынчылык эле болсун!
0
Lion-x
2013-07-23 18:45:37
Коп суйуно бербегилечи, озбектерди жакшы билебиз кайра бир жанжаал чыгарбаса эле.
0
admin_superstan
2013-07-24 09:25:47
777bek, башкалардын улутун кемсинтүүгө болбойт.
3 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан