Жалал-Абадда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды

Жалал-Абад облусунда кар көчкү түшүп, жолдон өтө албай калган 9 жүргүнчү куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Казарман-Актал-Чат унаа жолунда көлөмү болжол менен 9 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Анын кесепетинен 1 жеңил унаа, 2 оор жүк ташуучу КамАЗ унаасы өтө албай калган. Жалпысынан 9 жүргүнчү жолдо калган. Жерине куткаруучу топ, жол тейлөө ишканасынан техника тартылган. Кечээ, 6-февралда саат 17:15те тартылган күчтөрдүн аракетинде унаа жол бир тараптуу ачылып, өтө албай калган унаалар өз багыты боюнча сапар алышты", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан