6-февраль күнү Түркиянын Стамбул шаарында 8 кабаттуу үй урап түштү. Учурда куткаруучулар жеринде иш алып барышууда. Түркиялык басылмалардын маалыматына караганда, куткаруучулар уранды астынан 2 кишинин жансыз денесин жана жаракат алган 4 адамды чыгарышты.
Айрым маалыматтарга караганда, бул үйдө 12 үй-бүлө жашачу жана алдыңкы кабатында кийим тигүүчү жана оңдоочу ателье болгон. Ал жерде 20-25 киши эмгектенип келген. Мындан улам уранды астында кеминде дагы 20дан ашык адам бар болушу мүмкүн экени айтылууда. Азырынча үйдүн эмнеден улам урап түшкөнү белгисиз. Шаар башчылыгы имарат жардыруудан улам урады деп айтылып жаткан маалыматтарды четке кагууда.
"Имарат 1992-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Бирок 5 кабаттуу гана үй салууга уруксат берилип, 3 кабаты мыйзамсыз салынган", - деп билдиришкен жергиликтүү мэриядан.