Бишкекте павильондон өрт чыгып, 2 адам каза болду. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кирүүсүнө темир тосмолор тоскоолдук жаратып койгон

Бишкекте павильондон өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Андагы маалыматка караганда, 6-февраль күнү Скрябин жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кароосуз калган павильондон өрт чыккан. Бирок тилсиз жоону өчүрүүгө келген унаанын павильон турган аймакка кирүүсүнө темир тосмолор тоскоолдук жаратып койгон. Министрликтин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруучулары жерине барышып, павильондун темир тосмолорун ачып беришип, өрт өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, жансыз денелери милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан