Депутат Жолдошбаев: "Карышкырды тик учак эмес, танктан деле атсаӊ болот"

"Карышкырларды атуу үчүн тик учак берүүнү сунуштагам. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жооп жазыптыр, окусаӊ тим эле мышык ыйлачудай" деп бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, Рустамов карышкырларды тик учактан атууга каршы экен. "Карышкырды тик учак эмес, танктан деле атсаӊ болот да. Ушуну түшүнбөйбү? Рустамов тоодогу кийиктердин баарын эбак эле жеп койгон, ошондон улам карышкырлар малга кол салууда. Агенттик кийик атканы үчүн аӊчылардан миллиондогон акча алат, ал каражат кайда жумшалып жатат? Ал эми аӊчыларга бир карышкыр атканы үчүн 6 миӊ сом бөлүнсө, колуна 4800 сом алат экен. Элет тургундары кайрылып жатат, "атуу акысын жок дегенде 2 миӊ сомго көтөрүп берсе, карышкырларды өзүбүз эле атат элек" деп", - деди депутат.

24-январда парламент жыйынында Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районуна карышкырларды атуу үчүн тик учак берүүнү сунуштаган.

Депутат: "Карышкырды керек болсо танк менен деле атыш керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
tursunbaev78
2019-02-07 13:02:23
Уялып кеттиңби?
+2
bond02
2019-02-07 13:14:40
Бекерчилердин баары парламентте отурат экен да, зериккенде оюна келгенди суйлоп коюп.
+1
Alinur96kg
2019-02-07 13:40:31
Бизде танк барбы озу?
+2
555-777
2019-02-07 13:52:00
Танкты не кыласын андан коро шапканды басып кийип алып озун эле атып салсан болмок
+7
nargiz94
2019-02-07 13:58:21
ХХХ.. эл суйлосо да ушу суйлобой эле койсунчу!!! Бул суйлогондо Кыргыз эли шапкасын эмес кулагын жаап отургусу келет.
+4
ulaAjidar
2019-02-07 14:06:15
Уктап олтуруп,чочуп кетикенде суйлоп койо берет да ушу киши..Куда соок тугандарынан деле уялбайт..шапкенди басып уктап олтура бербейби десен
+8
zhykyo
2019-02-07 15:08:40
Элестет танка менен карышкырды кубалап жургонун.Карышкыр танка келатат деп качып журот)))
+7
Azat.97
2019-02-07 16:17:06
Танкын бурулгуча эле карышкырын жоголбойбу
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-02-07 16:20:20
Ойлонбой эле суйлоп койо беришет бир созуно экинчи созу каршы келет!
+1
ady-88
2019-02-07 16:45:15
Ушул бекерчинин жардамчысы эч адамды зериктирбейт экенда
+2
zhaku2017
2019-02-07 16:53:46
Жакында Путин келет. Ошондон танка сурасын карышкыр атканга.
+4
Dembele84
2019-02-07 17:02:36
Ушунча да детский ойлонгон киши болобу тооба.Балп этип суйлоп коюп эле журо берет экен да адамдын кыжырын келтирип
+1
Aikaaaa
2019-02-07 18:49:22
Туура айтат, ошо карапайым элге эле акчасын берип, же болбосо карышкыр аткан кишиге премия кылып берип коюшса өзүлөрүле жок кылып коюшат. Анын танкасын кечке чукуп отура бербей, танкадан бөлөк деле орчундуу сөздү айтыптыр. Менимче эл менен болгон киши эле элдин оюн айтат
-2
Alinur96kg
2019-02-08 03:15:22
уялбай туруп танк менен атса болот дейт.Шапканы баса кийип алып,велосипед менен кубалап журуп атыш керек. Танкага керектуу соляркага бюджетте акча жок.
+1
aerforce
2019-02-08 11:50:20
ээ пенсияга эле кетип үйдө кудай деп жатсаңыз болмок карып калыпсыз ХХХ сүйлөп койуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан