Магнитогорск шаарында Кыргыз жана Өзбек жарандарын унаа менен кошо өрттөп салган окуя. Алар өрткө чейин эле атып өлтүрүлгөнү айтылып жатат

2018-жылдын 31-декабрь күнү Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жарылуусунан кийин ошол эле көчөдө токтоп турган маршруттук такси да жарылып кеткен. Анын ичинде каза болгон жарандар Кыргыз өлкөсүнүн жана Өзбекстандын жарандары экендиги аныкталган. Орусиянын жергиликтүү маалымат каражаттары күч органдарындагы булактарына таяп маршруттук таксинин ичиндеги адамдар унаа жарылганга чейин эле атып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.

Буга чейин белгилүү болгондой, Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү эртең менен көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, анын кесепетинен 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Окуянын эртеси эле жарылууга дуушар болгон көп кабаттуу үй жайгашкан Карл Маркс көчөсүнөн Газель үлгүсүндөгү маршруттук такси күйүп кеткен.

"Өрттөнүп кеткен унаанын ичиндеги кишилер окуяга чейин эле куралдан ок жеп өлтүрүлгөн. Эксперттердин чыгарган жыйынтыгына караганда, маркумдардын денелерине унаа өрттөлгөнгө чейин бир нече саат мурун эле жаракаттар келтирилген. Унаа жарылып өрттөнүп кеткен учурда алар жансыз болушкан", - деп жазылат маалыматтарда.

Каза болгондор Өзбекстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары Махмуд Жумаев, Алишер Каимов, Альмир Абитов аттуу адамдар болгон. Газель 1-январь күнү өрттөнгөн. Анын өрттөлүшү 31-декабрда жарылган көп кабаттуу үйгө тиешеси жок экенин күч органдары тастыкташкан.

Орусиянын атайын кызматтары 31-декабрь күнү Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жана маршруттук таксинин жарылуусуна тиешеси бар деп шек санаган адамдарды кармап баштаган. Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Кыргыз жараны, 29 жаштагы Хусниддин Зайнобиддинов да кармалганын басылмалар жазып чыгышкан. Анда жазылгандай, Зайнобиддиновду күч органдары 6 саат суракка алып, бул убакыт аралыгында жардырууга күнөөлүү экенин моюнуна коюу үчүн кыйнашкан.

Көп кабаттуу үйдөгү жарылуу алгачкы маалыматтарда теракт болушу мүмкүн деп болжолдонуп, ага шектүү катары жогорудагы 3 маркумду да аташкан. Кийинчерээк Орусиянын Тергөө комитети жарылуу теракт деген маалыматка ишенбөөгө чакырып, аны четке каккан. Ал эми каза болгон маркумдардын туугандары суракка алынып, жергиликтүү басылмаларга интервью беришкен.

Маркум Махмуд Жумаевдин аялы Олеся Антоненкованын айтымында, анын жолдошу бир жыл мурун динге баш-оту менен берилип, 2018-жылдын жай айларында үй-бүлөсүн таштап кетип калган. Маркум Жумаевдин тууганы ал билимдүү-илимдүү эле үй-бүлөдө тарбияланганын айтып, атасы архитектор, апасы мугалим, ал эми агасы куткаруу кызматында иштээрин белгилеген. Кийинки каза болгон 39 жаштагы маркум Альмир Абитов да үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы болгон. Ал Жумаев менен таанышкандан кийин динге болгон берилүүсү күчөгөнүн агасы айтып берген. Ал Карл Маркс көчөсүндөгү жарылуудан кийин дайынсыз жок болуп кеткен. Кийин Абитовдун апасынан тиешелүү органдар ДНКга үлгү алып, бирок Альмир Абитовдун өлүп калганын айтышкан эмес.

18-январда Магнитогорсктогу көп кабаттуу үйдүн жана маршруттук таксинин жарылуусун Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекети" террордук уюму моюнга алганы жарыяланган. Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы бул маалымат жалган болушу ыктымал деп билдирүү тараткан.

Магнитогорск шаарындагы Газель унаасынын жарылышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2019-02-07 18:37:55
Тийешеси бар болгонго окшоп турат,ишти бутургон сон олтуруп салыштыда кургурларды .
+5
Take_men
2019-02-08 11:29:10
Ушундайлар күйгүздү гражданин Кыргызстан болуп бизди дүйнөгө террорист көрсөтүп. Акчанын ордуна 9 грамм коргошун белекке алышты
0
aerforce
2019-02-08 11:40:18
эгер күнөлүү болушуп анан жаап жашырган болсо жакшы эле а то кыргыздын баарын жаман атты кылып бүтмөй болушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан