Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги жана Эсеп палатасындагы айрым адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Башкы прокуратура маалымдады. Ага ылайык, текшерүүнү Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн.
Анда белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги 2016-жыл аралыгындагы чыгымдар боюнча Эсеп палатасынын кызмат адамдары аудит жүргүзгөн. Аудит 2017-жылы жүргөн. Ошол эле жылдын 28-августунда министрликтин жана Эсеп палатасынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, "Ден соолук-2" программасынын алкагында саламаттыкты сактоо тармагындагы адистерди окутуу каралганына карабастан аудит жүргүзүп жаткан инспекторду министрликтин каражатына мыйзамсыз түрдө Италияга жөнөткөн. Эсеп палатасынын мамлекеттик башкы инспектору Италиянын Турин шаарына барган. Бул учурда аудит жүргүзүү аяктай элек болгон.
"Анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 459 миң 829 сом негизсиз пайдаланылган. Буга катыштыгы бар кызмат адамдардын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин негизинде каралып, ишти тергөө үчүн материалдар УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.