Мурат Суталиновду абактан чыгаруу боюнча маселени кароо 15-февралга жылды

Бүгүн, 7-февралда 2010-жылдын апрелиндеги окуядан кийин соттолгон УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Мурат Суталиновду абактан бошотуу маселеси Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралды. Ишти судья Бактыбек Сыдыгалиев карап, Мурат Суталиновду абактан чыгаруу ишин 15-февралга жылдырды.

Буга сот залында отурган мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү себеп болду. Мамлекеттик айыптоочу соттук отурумга Суталиновдун ден соолугу боюнча чечим чыгарган комиссиянын мүчөлөрү, абактан чыгарууга макулдук берип жаткан абактын төрагасы келбей калганын, алардын да пикирин угуу керектигин айтты. Судья өтүнүчтү канааттандырды.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.

Улуттук онкология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн жетекчиси Турусбек Абдылдаев сот залында суралып, Суталинов бөйрөктүн 4-даражады рагы менен жабыркаарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 21:18:23
Чыгаргыла эми бул агабызды.Чон,чондун арты кор деген деген чын экен да.
0
bessmertiy
2019-02-07 22:50:18
Таба эмес тообо кылалы. Айрым жеп-жутар ач көз чоңдорубуз да эртеңки күндөрүн ойлой жүрүшсө дейм.
+1
Veronica89
2019-02-08 03:45:44
Баарын кудайым озу сактасын! Убагында жылдыздуу жакшынакай эле. Ооруну эч кимдин башына салбасын! Кудайым шыпаасын берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан