Кечээ, 6-февралда түркиялык белгилүү актриса Хазал Кая 5 жыл мамиле курган жигитине турмушка чыкты. Бул тууралуу түрк маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 28 жаштагы актриса 42 жаштагы актёр, музыкант жана режиссёр Али Атайга турмушка чыккан. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын түгөйлөр 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүндө үйлөнөт деген божомолу ишке ашпай калды. Үйлөнүү-үлпөт тойго белгилүү түрк актёрлору келишти. Алар: Кыванч Татлытуг, Нур Феттахоглу, Селчук Йөнтем, Зеррин Текиндор жана башкалар.
Ал эми түгөйлөрдүн бал айы жай айларында боло турганы маалым болду.
Хазал Кая "Тыюу салынган сүйүү", "Мен аны Фериха атадым", "Марал" сериалдары аркылуу таанылган.