Бишкек-Стамбул каттамындагы учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учуп кете алган жок

Бишкек-Стамбул каттамындагы учак техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам учуп кете алган жок. Маалыматты эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады.

Анын айтымында, учактын кайра конуусуна техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон.

"Азыркы учурда каттам 18:30га жылдырылды. Эртең мененки саат 7ден бери каттам 2 жолу жылдырылды. Кээ бир жүргүнчүлөрдүн акчасы кайтарылып берилди. Айрымдарына башка датага билеттер сунушталды. Калган жүргүнчүлөр азыр күтүү залында отурушат.

"Пегасус" компаниясына таандык учак техникалык себептерден улам уча албай, кайра конууга аргасыз болгон", - деди Курбанова.

Ал эми "Пегасус" компаниясынын өкүлү Анастасия Белогурованын айтымында, учурда учак атайын кароодон өткөрүлүп, мүчүлүштүктөр жоюлган.

"Учактын канаты түтөп, 1 метрдей көтөрүлүп кайра конгондугу тууралуу айрым маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурда мүчүлүштүктөр жоюлуп, адистер тарабынан кароодон өткөрүлдү. Авиакомпания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт", - деди Белогурова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан